Алтынай Нарбаева — Мен сизди жоготуп албасам дейм тексти

Көчүрүү (скачать)

Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм,
Кусалык азабын ар качан жейм.
Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө,
Мен сизди таарынтып албасам дейм.

Жарыгын сезимдин кармасам дейм,
Жан дүйнө азабын ар качан жейм.
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сизди оорутуп албасам дейм.

Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өрт сүйүү азабын ар качан жейм.
Өмүрдө, жашоодо бир болууга,
Өзүмдү бир сизге арнасам дейм.

Айта албай чын сырды калбасам дейм,
Арзуудан азапты ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырымда,
Мен сизди жоготуп албасам дейм.
Мен сизди оорутуп албасам дейм.

Мен сизди жоготуп албасам дейм — ВИДЕО

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •