Датасы: 13.10.2020
Формат: mp3

Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң.
Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң.
Атыңды ак баракка жазганымды,
Анардай кызыл өңдөн азганымды,
Сен билген жоксуң.
Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү,
Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
Сен билген жоксуң.
Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү,
Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
Сен билген жоксуң.

Один комментарий к “Алтынай Нарбаева — Сен билген жоксуң тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *