Датасы: 26.09.2020
Формат: mp3

Аруу сезим кайрыгы сизге чексиз,
Айтпай аны сактоо эрким жетпес.
Көңүлдөгү сырымды көзүм айтып,
Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес.

Кайырма:
Айта албаймын сүйөөрүмдү,
Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү.
Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү.

Кызгануудан абалым жакшы эмес,
Ырдап айтып салууга үнүм жетпес.
Жүрөгүмдө таберик тумарымсың,
Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес.

Кайырма:
Айта албаймын сүйөөрүмдү,
Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү.
Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү.

Один комментарий к “Алтынай Нарбаева — Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *