Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Булбулдар таңшып шагында,
Булактын бастык жанында.
Татына жүздүн шооласы,
Таралып турду канымда.
Айрыкча сулуу сезилди,
Ажайып жайдын,
Агарган жайдын таңында.
Көңүлдүн сүйгөн ардагы,
Көз караш сонун андагы.
Элесиң улам жарк этсе,
Эргиди сезим кандагы.
Жайнаган чолпон белемсиң,
Жарыгын чачкан таңдагы.
Түшүмдө мейли, өңүмдө,
Түспөлүң турат көңүлдө.
Оргуштап жаштык махабат,
Ойлорум өзүң жөнүндө
Алдыга карай үндөгөн,
Ак шоола болдуң өмүргө.

Один комментарий к “Асанкалый Керимбаев — Таң шооласы тексти”

  1. Асанкалый кимге жакпаган баарына жагат болуш керек.А тем более мага ото жагат мынлай обончу бир эле жаралат.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *