Датасы: 07.05.2022
Формат: mp3

Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?

Сезим жанып, бактылуусуң сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман Тоо, Ак-Буура…
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Один комментарий к “Алтынай Нарбаева, Тилек Найманбаев — Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *