Датасы: 06.12.2021
Формат: mp3

Менин балам болуп караан
Бакытымды толуктаган
Эзилемин чебеленем
Кадам коюп басам десең

Жаным балам тилеп алгам
Сурап алгам жараткандан
Баскан жолуң ак болсун деп
Алкап сурайм жараткандан
Таң аткандан

Карегимсиң көзүмдөгү
Данегимсиң өмүрдөгү
Медеримсиң эрмегимсиң
Мээрим толгон көңүлдөгү

Жакшылардын сабында бол
Чарпым жазаар жайдарым бол
Ата-энем элим деген
Дилгир зирээк тирегим бол



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *