Артык жанымдан,алтын жан балам.
Учкан канатым, уулум жан балам.
Эрке бой жетип,өскүң жан балам.
Эрмегим болуп, жүргүн сен балам
Кайырма
Күндөй сен балам, күндө сагынам.
Жытыңдан искеп,жыргаймын балам
Жүрөгүм балам,жүргүн сен аман,
Өмүрүң таттуу өчпөсүн балам.
Элиңден калбай эр болгун, балам,
Эңеңе сынбаз бел болгун балам.
Атадан артык аска бол балам,
Ар намыс күткөн атка кон балам.
Кайырма
Күндөй жан балам, күндө сагынам.
Жытыңдан искеп, жыргаймын балам
Жүрөгүм балам,жүргүн сен аман.
Өмүрүң таттуу өчпөсүн балам.