Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Кыялымдасың, айтпайм эч кимге,
Кыйналып жаздым, жаз келип сезимге.
Карегимдесиң сен деп алоолоп жанган,
Калемимдесиң сүйүү балы тамган.
Кайырма:
Ойгонгум келбейт.
Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам.
Оролуп термейт.
Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам.
Бактылуубуз кандай…
Ойлорумдасың, сансыз аткан күн батты,
Ойлонуп жаттым, нечен таңдар атты.
Сезимимдесиң гүлзар менен курчалган,
Сезбейт экенсиң ансайын күч алган.
Кайырма:
Ойгонгум келбейт.
Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам.
Оролуп термейт.
Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам.
Бактылуубуз кандай…
Бир болууга жаралган жандарданбыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *