Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Ичирдим, кийгиздим кастарлап,
Окуттум, окудуң ардактап.
Үйлөнттүм, үйлөндүң, эми, уулум,
Билип кой, өзүңдү өзүң бак.
Ойлорум жалгыз сен жөнүндө,
Кандайын көрөрсүң өмүрдө.
Атаңдан бөлүнсөң бөлүнгүн,
Элиңден, жериңден бөлүнбө.
Жаштыкта сүйүүгө эсирбе,
Көңдөйдө көйрөңдөй сезилбе.
Дүнүйөң мол болсо, мол болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордон, түздөрдөн,
Бактылуу боло көр түз жолдон.
Атаңдын, энеңдин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.

Алтынбек Сапаралиев — Насыят тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *