Ар бир жылдын өз алдынча шарты бар,
Ар бир жылдын өйдө-ылдый наркы бар.
Ар жылдын айтып бүткүс адамдар,
Ар бир жылдын өмүр-тирек баркы бар.
Кайырма:
Асманыбыс ачык болсун, көгөрсүн,
Ар бир үйдө перзентибиз төрөлсүн.
Ачык маанай, тынчтык күндү алып кел,
Ата – Журтум бейпилдике бөлөнсүн.
Келген жылым кейитпеген кеме бол,
Келген жылым бар турмушка белең бол.
Келген жылым кексөөлөргө жол бербей,
Кек сактатпас кереметтүү терең бол.
Кайырма:
Ойлогон ой, кабыл болсун тилектер,
Орчун иштер аткарылсын тилектер.
Оорулуулар сакайышсын дем бергин,
Онтобостон таза соксун жүрөктөр.
Кайырма:
Алтынбек Сапаралиев — Жаңы жыл тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 119