Датасы: 06.01.2026
Формат: mp3

Ар үйдө аксакалдуу кары болсо
Балпайган байбичеси дагы болсо
Баласы баар таап эмгегинен
Жанында жаркылдаган жары болсо
Баласы баар таап эмгегинен
Жанында жаркылдаган жары болсо

Чоң ата бардыгына калыс болсо
Чоң эне суук сөздөн алыс болсо
Келини кербезденип бой көтөрбөй
Уулунда уят менен намыс болсо
Келини кербезденип бой көтөрбөй
Уулунда уят менен намыс болсо

Жакшылык эсеби жок эчен болсо
Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо
Бейкуттук, ырыс тилеп ар бир үйгө
Элибиз ынтымактуу элден болсо
Бейкуттук, ырыс тилеп ар бир үйгө
Элибиз ынтымактуу элден болсо
Кыргызым ынтымактуу элден болсо

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *