Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Бал сымал тамшандырган
Өзүң жапкан ысык нан,
Ак сүтүң, алдей ырың
Азыктантат ырыстан.
Мен деп уктабай,
Убайым жеген ой санааңа таң берем,
Мен деп жалынган тилектериңе
Жарык жанып мен келем.
Кайырма:
Энекем — асыл тирегим,
Амандыгың тилеймин.
Энекем — кайратым менин,
Өмүр берсин Теңирим.
Сен аалам чегинде жок
Жансың эч ким теңелгис.
Мен үчүн баары белең
Жазы тоодой кебелгис.
Жүрөктөрүңдөн мээрим жайнаган,
Жүзүңдөн мен айланам.
Каректериңен жарык жанданат,
Карааныңа байланам.
Кайырма:
Энем — менин бейиш төрүм,
Берген өмүр белеги.
Энем — менин соолбос мээрим көлү,
Сен бар жашап келемин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *