Жадырайсың жаз күнүндөй маанайың
Ай перимсиң арзып сүйгөн таалайым
Аял затын ай ааламдын тиреги
Аруу дүйнөм ушул келген жаз айы
Кайырма:
Жазым жазым жаздай көктөм күлөмүн
Мөл булактай мөлтүр таза жүрөгүм
Жароокерим жазды күткүс баяным
Бир өзүңдү өмүр бою сүйөмүн
Мажүрүм тал мүмкүн менмин ак кайың
Жазды коштоп бийлегиң санайың
Түрүп күтүп жүрөгүңдүн жалыны
Өзүң менен өмүр балын татайын
Жүргөн жакшы бул күндөрдү эскерип
Жашабайбыз кайра өмүргө беш келип
Боз торгойдой безеленип жанымдан
Боло албады бир өзүндөй сенчелик