Анжелика Кайратова — Сагыныч тексти

Көчүрүү (скачать)

Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.

Кайырма:
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.

Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.

Кайырма:

Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.

Кайырма:

Анжелика Кайратова- Сагыныч караоке

Анжелика Кайратова- Сагыныч клип

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти508
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти330
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти200
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти106
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти102
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти65
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти56

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.