Кумар көз, назик жүрөгүм,
Сен ыйласаң сыздайт жүрөгүм.
Сүйүүнүн кудурети, жүрөгүм туйлап кетти.
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Улуу тоодон гүлдөр терсем дейм,
Бир өзүңө тартуу кылсам дейм.
Сунган гүлүм аласыңбы?
Же жактырбай чанасыңбы?
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Мен сенин айдай жүзүңө,
Кумарланам кара, кара көзүңө.
Сен ишенип кой сөзүмө,
Сүйүүм ашып барат, оттой жанып.
Сенин өзүңө…
Артык Саитов — Өзүңө тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 184