Айдын нуру түндө төгүлөт
Ай бетинен бир кыз көрүнөт
Аянычтуу өзүнчө сырдуу
Аппак кызга көңүл бөлүнөт
Кайырма
Айдагы кыз арманымсыз
Айдагы кыз айаламда сиз жалгыз
Айдагы кыз ардагымсыз
Айдагы кыз ай аламда сиз жалгыз
Түндө күтөм жалгыз отуруп
Түмөн ойго жүрөк толтуруп
Түйшүктөнүп жүрөм сиз үчүн
Түшүмө кир бакыт куш болуп
Мейли өтсүн күндөр сабалап
Мезгил учсун жүрөк жаралап
Мееримиңе күндө жылынам
Мага сиздей кимдер жага алат