Сыймык Бейшекеев — Көлдүк кыз тексти

Көчүрүү (скачать)

Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.

Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз,
Атайын менин арнаган ырым угуңуз.
Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.

Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт,
Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.

Сыймык Бейшекеев Көлдүк кыз караоке

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1619
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти274
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти186
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти125
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти117
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти70

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.