Датасы: 11.07.2020
Формат: mp3

Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө көк кайыкчан ыргалып.

Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал, ырларынан калпып ал.

Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.

Асанкалый Керимбаев — Көл баяны тексти: 2 комментарий

  1. Аябай жакты! Менин балалыгым ушул көлдүн астындагы жерде калды, эски райондо, Токтогул району… азыр көл алдында калды…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *