Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрайт бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндө жолуктук.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылып көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.

Один комментарий к “Асанкалый Керимбаев — Мендеги ыйык махабат тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *