Асанкалый Керимбаев — Сулууга тексти

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген — от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген — сүзүп өтүү деңизден.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти298
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти112
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти56
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти23
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти11
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти10
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36