Датасы: 07.04.2024
Формат: mp3

Аппакай жылуу колуңдун
Табына жылынайынчы
Алдында жатып ыңаалап апа
Алдейле ыр угайынчы

Мамыктай жумшак койнуңда
Мээримге бөлөнөйүнчү
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчү

Эртеңим билбейм эмиңе
Э болду ойлобоюнчу
Адамдар мени ыйлатса апоу
Алдейле соороноюнчу

Өмүрдө болуп өткөнгө
Өкүнүп карабайынчы
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы



Калыс Жакыпов — Апа, кайрадан жаралайынчы тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *