Датасы: 13.08.2020
Формат: mp3

Акактай жайнаган затыңдан
Алтыным жан кызым татынам
Жылытып жүрөктү илебиң
Жылмайсаң күн болуп ачылам

Көнбөстөн колуна башканын
Тай-тайлап, талпынып басканың.
“АПА” деп эркелеп чакырсаң
Ансайын жаркырайт асманым

КАЙЫРМА:
Берекем кызым – мөлтүр булагым,
Бактым кумарым – сүйүү сунамын
Көлөкөм кызым
Жашартып турган — жанга ынагым

Көңүлдүн эңсеткен медери
Көркүңө сөздөрүм жетеби
Күлгөнүң жаздагы жоогазын
Көздөрүң чолпондой адеми

Мөмөсү эл берген батанын
Мен сени “ПЕРИ” деп атадым
Эмгиче түшүнбөйм жан кызым,
Эх кантип … өзүңсүз жашадым

Асель Кадырбекова — Жан кызым тексти: 5 комментарий

    1. Асель эже айыгып кетиниз суранам ♥️♥️♥️♥️♥️♥️
      Дарюша дагы оруубасын жакшы кыз болуп журо берсин бактылуу кыздардан болуп жашасын.Нурлан жездем экоонор бактылуу болгула Асель эже ♥️ Нурлан жезде Дария

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *