Асмандан тийген күн болсом,
Ааламда тегиз көргөндөй.
Кызыл гүл болуп жаралсам,
Кыз-келин жыттап сүйгөндөй.

Кааласам карап өзгөртүп,
Табигат мага багынса.
Жашай түш жаным дегенсип,
Жалооруп өмүр зарылса.

Өлгөндү кайра жаратсам,
Ажалды айдап таратсам.
Өлүмсүз, муңсуз миң жашап,
Өркүндөп жаштар баратсаң.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *