Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Тумандаган көздөрүмдүн алдында,
Туура жол таба албаган
Тулку боюм жалында.
Туңгуюкта калгым келбейт камалып,
Туйлатпай сууруп алчы мени жаныңа.
Кайырма:
Тамчы-тамчы себелеп,
Тагдырыма кирем дейт.
Жалбыраксыз калганбы,
Жашыл бутагым.
Кол чатырдын астында,
Кол булгалап алыска,
Калгым келет канат арышка.
Тыбырашып тынчтыгымды таратты,
Тыңшаган добуш сокпой
Үнүм өчүп баратты.
Куткарчы, кучагыңа аячы
Кумарым укчу сенде өмүр аягы.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *