Датасы: 03.10.2020
Формат: mp3

Намысымдын урматына сырымды,
Көкүрөктүн түпкүрүнө жашырып.
Калдым чекене боло албай бир ырга,
Ырдап берем угасызбы, азыр ук.
Ырдап берем угасызбы,
Обон созом угасызбы,
Ырдап берем угасызбы, азыр ук.
Жок, жок укпа, сыртка чыкпайт ал обон,
Кайрыктарын ичтен кайрыйт жүрөгүм.
Билмексенге салбайын деп турсам да,
Сизди, көздөрүм айтып коёт сүйөрүн.
Көздөрүм айтып коёт,
Өзү эле айтып коет,
Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
Ырым менин өзүн баркын билбеген,
Асыл ташым аттап өтүп өзгөнү.
Сизди көргөм көп ичинен миңдеген,
Менин, көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм
Көздөрүм, ай, сизди сүйгөн,
Көргүм келип оттой күйгөн,
Көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм.
Көздөрүм айтып коёт,
Өзү эле айтып коет,
Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *