Датасы: 29.03.2023
Формат: mp3

Мен үчүн жаным сенин ордуң бөлөк
Жүрөмүн ийиниңе башым жөлөп
Мен үчүн күйүп турган алоолонуп
Жүрөгүм жүрөгүңдү жакшы көрөт

Кайырма:

Мен сенин жан дүйнөңдө эркелеп жүргүм келет
Мен сенин сезимиңди кадырлап сүйгүм келет
Ачылган гүлүң болуп сактаган сүйүүм болуп
Сени менен өмүрүмдү түбөлүк сүргүм келет

Бөлүнбөй мен жаныңда болгум келет
Сүйдүрүп мени байлап койдуң беле
Бактылуу өтүп жаткан бул күндөрдү
Өчүрбөй таза сактап койгум келет

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *