Асема — Асем кыз тексти

Көчүрүү (скачать)

Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн,
Эриниң, каректериң, каштарың да.
Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган,
Ыргагы окшойт ырдын басканың да.
Кайырма:
Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың,
Саат санап сагынтасың, жакшырасың.
Акылдан адаштырып, айтчы неге?
Ар башка азабыңды тарттырасың?
Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн,
Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн.
Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы,
Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31055
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти537
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти279
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти174
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти140
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.