Толгоп тарткан кыл аркан
Тор кашка аттын кермеси,
Топ жыйында сайраган
Токтогулдун кербези.
Толкун жашың өткөн соң,
Толгонуп кайтып келбеспи!
Тобуңдан кетсем, аман бол,
Толгон кыргыз жергеси.
Эки кабат кыл аркан
Элик сурдун кермеси,
Эл ичинде сайраткан
Эсил Токоң кербези.
Эсил жашың өткөн соң,
Эстесең кайтып келбеспи!
Тобуңдан кетсем аман бол
Толго кыргыз жергеси.
Толго кыргыз жергеси.
Бура тарткан кыл аркан
Буурул аттын кермеси,
Мукам-мукам сайраган
Булбул Токоң кербези.
Бул дүйнөдөн өткөн соң,
Бурулуп кайтып келбеспи!
Жергелүү кыргыз калкымды
Тапкандагы кербезим.
Калың кыргыз элди эстеп
Качкандагы кербезим.
Карагай комуз балталап,
Чапкандагы кербезим,
Комузума темир зым
Таккандагы кербезим.
Жергелүү кыргыз калкымды
Тапкандагы кербезим.
Толгоп тарткан кыл аркан
Тор кашка аттын кермеси,
Топ жыйында сайраган
Токтогулдун кербези.
Толкун жашың өткөн соң,
Толгонуп кайтып келбеспи!
Тобуңдан кетсем, аман бол,
Толгон кыргыз жергеси.
Алмаз Шаадаев — Кербезим тексти
Датасы: 20.09.2020 Көрүүлөр: 11321
Жакты
Азыр 2022
Зынк уууу
Жакшы
Толгоп эмес толгой