Аткаруучу: АШЫКМЫН
Жашоомдун кызыгына айландың сен каралдым
А балким жазылбаган бактың болуп калаармын
Жамалың жарк этип бет алдыма кабылганда
Апкаарыйм тилден калгандай
Жоготтуп өзүм бул кандай
Биз болсокчу бакыт төрүндө
Жүрсөк бир болуп бөлүнбөй
Мен өзүңө жанашып
Сен да мага жарашып
Күн батып таң атып
Күлгөнүң саматып
А бирок жоолукпайм сага
Мен өзүңө баратып
Сезим сунам сага ыраактан
Алыстан
Кайырма:
Жашоомдун кызыгына айландың сен каралдым
А балким жазылбаган бактың болуп калаармын
Жамалың жарк этип бет алдыма кабылганда
Апкаарыйм тилден калгандай
Жоготтуп өзүм бул кандай
Карабасаң да
Баалабасаң да
Билмексен болуп
Жүрөктү жараласаң да
Сен ойлогон жанга
Мен жарабасам да
Ашыкмын
Жараткан мээримине алгандай
Жар бойлоп бассак асыл жандардай
Жаным
Мен өзүңө ашыкмын
Кайырма:
Жашоомдун кызыгына айландың сен каралдым
А балким жазылбаган бактың болуп калаармын
Жамалың жарк этип бет алдыма кабылганда
Апкаарыйм тилден калгандай
Жоготтуп өзүм бул кандай
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.