Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Эркетай ээлеген кызым
Кулпурган эрмегим кызым
Жаркылдап жылмайып күлсө
Эзилем периштем кызым

Hyp жанган жанарыңдан
Жыгылба кадамыңдан
Суранам жаратканымдан
Берсекен деймин багыңдан

Кайырма:

Кызым атакендин көңүлү сенсиң
Кызым апакендин жүрөгү сенсиң
Кызым бир өзүңө дайым аруу тилегим
Кызым ата энең сенин тирегин

Бейиш жыт тартуулап келдиң
Тойбоймун жытыңа сенин
Үйүбүз күлкүгө толуп
Сен менен бакытты сездим
Гүл чыксын кадамыңа
Ыраазы бол тагдырыңа
Жүрө бер берекем кызым
Бөлөнүп таңдын нуруна

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *