Бийиктен түшкөн мөлтүр суу, Берметтей күнгө жалтырап. Сездирип салкын илебин, Аскага тийип жанчылат. Манаттай күйүп кыр жапкан, Жел өпсө тоонун гүлүнөн. Капчыгай өңдүү күүлдөп, Алдастайт менин дүнүйөм. Алыста жүргөн жан курбум, Жарыма окшоп өзүмдүн. Көзүмдөн учуп карааның, Өрүктөй болуп эзилдим. Көргөзбөй коюп таптакыр, Жетүүгө мага туш кылбай. Көкүрөк санаа, көңүлдөр, Камоодо калган туткундай. Жарыгы болгон мезгилдин, Жарымы күн да, жарымы ай. Тагдырдан күтсөм неликтен? Таптырбай кеттиң, жаным, ай. Кыйчалыш жолдун айынан, Калсам да мезгил өткөрүп. Өзүңө бирөө көз салса, Өрттөнүп кетем, өрттөнүп. Шуулдап күмүш бариктер, Жел жүрсө муздак сыдырым. “Сагындым сизди, агай”,- деп, Жалооруп чыкты шыбырың. Көңүлгө түшүп көп санаа, Көзүмдүн жашын кулатып. Колдоруң булгап канаттай, Карааның турду узатып. Кең дүйнө болуп керемет, Кебимдин таппай кыябын. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым. |
Бөлүмдүн статистикасы |
Аскат Мусабеков — Күтүү тексти
Датасы: 20.05.2020 Көрүүлөр: 5426