Аскат Мусабеков — Мага жагат тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Толгонайдай жарык нур бар көзүңдө
Касиет бар кубат берген сөзүңдө
Бул өмүрдүн кемчилигин, кемчилигин толуктап
Мен издеген асылдык бар өзүңдө
Кайырма:
Пейилиңдин кенендиги марттыгы
Жан дүйнөңдүн байлыгы да, актыгы
Теңир сенден аябаган эч нерсе
Мага жагат сабырыңдын, сабырыңдын сактыгы
Элим десе жанын үрөп элирген
Жерим десе делбиримдей делбирген
Кайда жүрбө кандай күндө, кандай күндө болбогуң
Амандыгың тилеп келем жан биргем
Кайырма:
Ар намыстуу, улутчул да жан келет
Актык үчүн ойлонбостон жан берет
Курманжандай ар-намыска, ар-намыска төрөлгөн
Сендей айым кылымдарга бир келет
Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1614
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти275
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти114
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти99
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.