Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдү бакты аралай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
«Аппагыңды көрүп алчы» дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
«Аппагыңды көрүп алчы» дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, даги жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Дагы, даги жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмэнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?