Ошол түнү жүрөк сыры чечишип,
Көл жээгинде көпкө жүрдү кыз-жигит.
Кетеринде сүйгөнүнүн колуна,
Кетти жигит алтын шакек кийгизип.
Өттү күндөр тентек соккон шамалдай,
Өзгөрүлдү кыз жүрөгү таанылбай.
Алтын шакек алмашылды каухарга,
Унутулду айткан сөздөр алтындай.
Чаңда жатты алтын шакек булганып,
Күн жарк этсе бир укмуштай нур чачып.
Кыз колунда каухар шакек баягы,
Өңдөн кетип өчө берди кумсарып.
Балким азыр жүрсө керек ошол кыз,
Бир жүрөгүн жүз шакекке алмашып.
Асылбек Өзүбеков — Алтын шакек тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 1931