Сөөлөтүң күнгө айланып, нурга айланып,
Сөздөрүңөн мага угулган ырга айланып, ырга айланып,
Кармагам назик колуң эркелетип,
Карагам карегиңди жыргай калып,
Жашырып экөөбүздөн жашыл аалам.
Жаз өттү сендей жайнап жадыраган,
Дал болуп сенсиз жалгыз турам күздө,
Дарактай жалбырактан ажыраган.
Кайдасың капа болуп, зилдей берем,
Кайталап сөздөрүңдү иргей берем, иргей берем,
Өзүмө же сөзүмө таарындыңбы?
Өкүнүп так себебин билбей келем,
Көрө албай махабаттын акыбетин.
Көбөйүп барат улам асыретим,
Сыздаган дилге качан болот
Сыйкырдуу сенин укмуш касиетиң?
Айбымды турса сендей сулуу туюп,
Кабатыр болбос элем улутунуп.
Кабылып кайдыгерлүү сезимиңе
Капырай, каламынбы унутулуп?
Теңирден тилеп жүрөм аманыңды,
Телмиртпей тез билсеңчи абалымды.
Көксөгөн көңүлүмдүн күнү ачылсын,
Көрсөтчү жаздай жаркын жамалыңды.
Асылбек Өзүбеков — Эңсөө тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 1193