Күндөр, күндөр, кайда учасың?
Тизмегинде каркыранын.
Бул өмүрдүн тамчы жашын,
Эртеңкиге калтырамын.
Кайырма:
Кино, кино, кыйноо тартып,
Жүгүрөмүн жүрөк жанчып.
Бүтүн дүйнө жүгүн артып,
Үмүтүмдө жүрөм калкып,
Кино тартып.
Салам айтып сан кылымга,
Бара турган кыргызым бар.
Саманчынын айдыңында,
Жана турган жылдызым бар.
Кайырма:
Токто, мезгил, көз ирмемге,
Өмүр тасма кайра баштан.
Оюм көктө, өзүм жерде,
Көл куралат тамчы жаштан.
Кайырма:
Асылбек Өзүбеков — Кино, кино тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5911