Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.
Эми алысмын, куса болом самасам,
Бир жүргөнсүйт күлүп сенин тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Жаным сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.
Жазган катың, жанга кубаныч киргизет,
Кеп ойлоодон тынч ала албай дирилдеп.
Кыял деген күлүк нерсе эмеспи,
Сага жетип, кайра мага жүгүрөт.
«Кара көзүң калбайсыңбы?», дегенсип,
Курган жүрөк кээде коёт дүкүлдөп.
Ар бир мүнөт, элестериң көңүлдө,
Унутпастан эстейм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардалына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Асылбек Өзүбеков — Көлдүн жээги тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 11836
Гүлназ Бекбосун кызы ырдаган ыры керек болуп жатат элэ