Эки улак аудиосун угуу

Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикенектер эле көрүнүп, эч бир кой-эчки көрүнбөйт.

— Сен  ак  улаксың,  тил  укпаган  чунаксың!  Мени  ары-бери  сүйрөп жүрүп  акыры  адаштырдың,  жаның  барында койду  таап  бергин, — деп  ак улакка кара улак нааразы болот.

Кара  улак  бир  күн  мурун  туулган.  Денеси  чымыр,  маңдайында жумуру  эки мүйүзү  бар экен.  Ак  улакты  боорум  экен  деп, жан  тартчу  эмес дейт. Кичине  эле  кылт  этсе:

— Ак  улаксың,  акылы  жок  чунаксың, — деп шылдыңдап, кээде ачуусу келсе мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү экен.

Кара улак өзү жалакор болгондуктан, ак улак жакын келсе эле:

— Мынабу жердин чөбүн жеп койдуң, ба-а — ба-а! — деп бакылдачу боло берет.

Эми  адашкандан  кийин кантсин: айласыздан элеңдеп  «ак  улак» дей берет.

— Ай, ак  улак, чунаксың! Жаның  барда  түш  деймин,  бас деймин, — деп кара  улак  секеңдеди эле, ак  улак  ары  ойлонуп,  бери  ойлонуп, зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:

— Узап  кеткен  койду  кантип  табабыз, тоону  ашып жайлоого  барып калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу кыйын болсо да, жол издеп көрөйүн.  Сага  айтайын  дегеним,  эчки  менен  эрегишпегин,  менин айтканымды  иштегин.  Муну  орундатпасаң, адашып  өлөбүз.

Ак  улактын «өлөбүз» дегенин уккан кара улактын үрөйү үрктү. Кара  улак  канча  тентек  болгону  менен,  ак  улактын  тилин  алууга убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапыра тебелеп, жолундагы аң-төнөк, таштардан секирип жүрүп отурат.

Ошентип ак улак, кара улак экөө бир убакта тоонун этегине жетип келишет. Эки жакты карашса, көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.

Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.

— Өзүң  аппак,  сулуу  улак  экенсиң, эгизиң да келишкен сулуу турбайбы! Чарчап  калган  чыгарсыңар,  биздин  үйгө  барып  даам  татып  кеткиле. Менин дагы силердей эки бачигим[1] бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып эс  аларсыңар, -деп түлкү ичинен «ак  улак  кичинекей экен, капысынан эбин таап жеп алайын» деп ниети бузулат.

Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак ошондо:

— Түкө,  тетиги  дөбөнүн  башында,  кара  таштын  астында  бизди карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу  келет ко. Кашакеңдин  каары  катуу эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.

— Анда  эмесе  жарайт,  силер  кете  бергиле,  мен  артыңардан барармын, — деп түлкү куулук кылып калып калат.

Эки улак  кетип баратканда алдынан  көк  жал  карышкыр чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:

— Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен силерди жеймин, — дейт курсагын сылап.

Анда Ак улак дагы чыңкылдайт:

— Кашаке,  тетиги  дөбөнүн  башында,  кара  таштын  астында  бизди арыстан  күтүп отурбайбы.  Ал  тоодогу  жортуп  жүргөн  кайберендерге,  учкан  куш, айбанаттарга  падыша  болор учуру келиптир. Эртең  мененки тамагына  эки  музоону,  түшкү  тамагына  эки  улакты,  кечкисине  эки  козу жейт  экен. Сиздин  бул  кылыгыңызды туйса,  буркан-шаркан  түшүп, өзүңүз  жаздым  болбоңуз, мейли  жей  бериңиз!

Аңгыча болбой:

— Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,- деп кара улак тикчилиңдеп бакырып жиберди.

Карышкыр шаштысы кетип:

— Бакпай  балааңдан,  жакпай  жалааңдан,-  деп  качып  жөнөйт.

Эки улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса, тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында да, астында да аты  бар,  кашында  ити  бар  койчу  келаткан экен.  Койду  көргөндө кубанганынан эки улак «мака-каа» деп маарап кое беришет.

Чолпон ата  жол  баштап,  мурун  келген  ак  улакты  жерден  көтөрүп ала коет да:

-Мен  силерди  ой-кыр койбой  издеп  табалбай  койдум  эле. Өзүңөр таап келгениңерди  карачы,  жарайсың,  ак  улагым,  ап-пагым. «Ак улак чунак» деп мазактагандардын өздөрү акмак– деди да ак улакты кучактап бооруна кысты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы62
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *