Тойбосс
Тойбосс

Чын сүйөм деген кебиңден,
Чын жүрөк сага берилген.
Кандайча ойлоп жүрөсүң,
Кадырлуу эркем деги сен.

Элестеп көзгө көрүнүп,
Түшүмдө бирге жүрөсүң.
Жылдыздан шоола тийгендей,
Жылмая карап күлөсүң.

Жамалы жанга тартылып,
Жүрөккө тынчтык бербеди.
Санадар болбой эсен жүр,
Асылкеч жандын эрмеги.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.