Датасы: 26.03.2022
Формат: mp3

Ак кар кетпей тоолорунун башынан,
Аккан суусу башталып зоо ташынан,
Арзып келген алыс жерден адамды,
Ак булуту, тоосу турган ашуудан.

Ата-Журтум, айланайын асмандаган,
Ааламга сен жаралыпсын арзуудан
Ата-Журтум,
Алламга сен жаралыпсын арзуудан.

Сезгендерге сенден окшойт тазалык,
Сенден эргип, сенден кетем тазарып,
Сезимиме сен ыр болуп төгүлүп,
Мен эскирип, сен барасың жашарып.

Ата-Журтум, каранынды туя албастан турармын,
Кайыр кош деп, карегиме жаш алып,
Ата-Журтум,
Кайыр кош деп карегиме жаш алып.

Ата-Журтум көркөмүңдү көргөзүп миң кубултуп,
Өңүмдөгу жарык чачкан улуу шаар,
Ата-Журтум,
Өңүмдөгу жарык чачкан улуу шаар.

Ата-Журтум, айланайын асмандаган,
Ааламга сен жаралыпсын арзуудан
Ата-Журтум,
Алламга сен жаралыпсын арзуудан.

Клип Ата-Журтум

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *