Датасы: 17.09.2024
Формат: mp3

Түн киргенде түйшүгүм желкелейт

Азгырасың сол жагым эркелей

Күндөлүктө түгөнгүс ойлорум

Темселейт

Алсырайт көлөкө да жан сурайт

Кызыгы жок өмүрдүн

Кызыккандар кансырайт

Түнү ойлор таң сурайт

Ырыскыны тебелеген

Айланып нан сурайт

Жалдырайт

Дагы бир күн балким ал оңолор

Дагы бир түн арамы жоголор

Аз калган топурак ыйманым

Тоо боолор

Кайырма

Түн киргенде түйшүгүм желкелейт

Азгырасың сол жагым эркелей

Күндөлүктө түгөнгүс ойлорум

Темселейт

Таппадым

Дүйнө сага чоң бирок мен батпадым

Өз-өзүмө ката издедим жакпадым

Чайланып жүрөктөн чыккан саптарым

Күтүм таңдын атканын

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *