Датасы: 14.11.2025
Формат: mp3

Өмүрүмө сен келип
Жүрөгүмө дем берип
Экөөлөп биз эмнелерди жеңбедик

Бекем кармап колдорум
Үмүт берип колдодуң
Бакыт мага сен жанымда болгонуң

Кайырма:
Жылдыздарды жайнаган
Көздөрүнө байлаган
Аманатым өзүңсүң
Асыл жарым Айданам

Жаралсам да кайрадан
Болом сени тандаган
Жүрөгүмдө өзүңсүң
Сүйөм сени Айданам

Сен бар үчүн жан гүлүм
Майрам мага ар күнүм
Экөөбүзгө жете турган бар сүйүүм

Деңизден да тереңим
Абадайым,керегим
Жаратканым энчилеген белегим

Кайырма:
Жылдыздарды жайнаган
Көздөрүнө байлаган
Аманатым өзүңсүң
Асыл жарым Айданам

Жаралсам да кайрадан
Болом сени тандаган
Жүрөгүмдө өзүңсүң
Сүйөм сени Айданам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *