Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.
Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.
Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Бала күнгө кетеличи, апаке!
Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи, апаке!
Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетеличи, апаке!
Аруу күнгө кетеличи, апаке!

Один комментарий к “Аваз Акимов — Балалыкка кетеличи, апаке! тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *