Датасы: 08.06.2021
Формат: mp3

Айлуу түндө күндүз да биз адашып жүрөбүз
Кезигүүнүн жолдорун көрсөтөт ал ким бизге
Башка багын бар беле арабызда калды не
Айтылбады биз деги түгөнбөгөн сөз неге

Кайырма:

Кечтим кечтим сен да кечкиң
Кечиримсиз пенде эмесмин
Сырды укпады мендеги эч ким
Өзүң кеткенде
Кечтим кечтим сен да кечкиң
Кечирсең да сен келбейсиң
Жүрөгүмө келбеди эч ким өзүң кеткенде

Сен да болдуң күнөлүү мен да болдум күнөлүү
Бирок биздин күнүбүз жүрөктөрдүн сүйгөнү
Сездиң бекен жан курбум мени жалгыз калтырдың
Сени жалгыз калтырдым жазылуу бар тагдырдын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *