Сөзү: Камчы Ɵскөнбаев, Чыңгыз Кудайбердиев
Обону: Ильяз Абдыразаковдуку.
Эт жүрөгүм эзилип
Сенин жогуң сезилип.
Алсырап сездиңби
Арманга кезиктим.
Бирге басчу жол бүтүп
Махабаттан кол үзүп.
Кайылмын баарына
Таарынам тагдырга.
Кайырма:
Эт жүрөгүм эзип жаралай
Жалдыратып жаным аябай
Аны менен кеттиң карабай.
Ара жолдо турам кайгырып,
Калгым келбей сенден айрылып.
Келсең боло жаным кайрылып.
Кайырма:
Арман менен алышып
Сени андан талашып.
Эпсиз жүрөк ыйлайт
Сыздап сени кыйбай
Куса болуп эңсеймин
Кайрылбастан кеткениң
Кол жетпес гүл белең?
Гүлүм эңсеп келем.
Кайырма:
Аваз Акимов — Кайрылып кел тексти
Датасы: 26.02.2022 Көрүүлөр: 5165
Жакшы ыр экен
Соонун чыгарма болуптур кайра кайра угуп ооруп жатам бульыр менен