Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүмдү кыйнаган,
Түркүн миң-миң сандаган.
Чыга албаймын, кантейин?
Ойлор мени чырмаган.
Жашып алсам, жүгүмөн
Арыларбы жүрөгүм?
Келбесиңди билсем да,
Кайра эле күйүнөм.
Кайырма:
Сага жан дүйнөмдү арнагам,
«Жан биргем» деп садагам,
Мээримиңе жылынгам.
Мага калды эми элесиң,
Кайра кайтып келбейсиң,
Бактылуу болгун деймин.
Жан адамга өзүңдү,
Сездирбестен сыр катып.
Сен жөнүндө ар дайым,
Бүтө албаймын ыр жазып.
Тагдыр мени кектедиң,
Өчүң барбы билбедим.
Сүйдүм эле өзүңдү,
Бирок, жаным, жетпедим.
Кайырма:
Сүйөмүн деп айтсам да,
Кадырыма жетпедиң.
Күтөрүмдү билсең да,
Кайрылып сен келбедиң.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *