Датасы: 07.07.2022
Формат: mp3

Жайдын кечинде
Экөөбүз баскан
Бактын четинде
Жолдор адашкан
Көңүлгө карап
Айтчу сөздөрүң
Жалган жылмайды
Кара көздөрүң

Кайырма:

Сен үчүн жаным
Мен көптүн бири
Сезимде калды
Көңүлдүн кири
Муздак жүрөгүң
Колдоруң жылуу
Көңүл кыя албас
Сен кызсың сулуу

Жашоом табышмак
Жолум караңгы
Жигиттериң көп
Жете аламбы
Корком жоготуп
Сени алыштан
Жандап баса албай
Жалгыз калыштан

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *