Аткаруучу: Азамат Салыбаев
Ала качып көздөрүң
Айткың келбей жүрөсүң
Сырың бардай ичиңде
Сырдуу сенин мүнөзүң
Акырын келсем жаныңа
Жолотпой качтың наздана
Кайырма:
Не болду, а, айтчы, жаным, сага?
Не болду?
Көңүлүңдү алсам дейм
Күлүм-жанып калсаң дейм
Анчалык эмне болду?
Айтчы мага, берекем
Акырын келсем жаныңа
Жолотпой койдуң наздана
Кайырма:
Не болду, айтчы, жаным, сага?
Не болду
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.