Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун,
Ай, ий, кыздары, ай, эй.
Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл, бир тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө,
Ай, ий, кыздар, ай.
Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Элдин бир жары эркетай,
Ошол элдин, жердин,
Ай, ий, кыздары, ай.
Калкылдап көлдүн үстүндө,
Пароход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Ак куулар чардап жаткандай.
Алтын бир нурдуу, бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай.

Азамат Сарыбаев — Кыздар, ай тексти: 22 комментарий

  1. Негизи жакшы эле болуптур бирок ырдап жаткан байке аябай шашып ырдап жибериптир

  2. Жакшы эле экен бирок ырдап жатакаг байке шашып жибериптир

  3. Жакшы башкаларга көңүл бурбаңыз алдыга кетиң артка кайтпаң

  4. Жакшы башкаларга көңүл бурбаңыз алдыга кетиң артка кайтпаң

  5. Тезирээк дагы болот эле эртенкиге жатташым керек эми эрте менен турам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *