Датасы: 06.05.2024
Формат: mp3

Көкүрөктө туйлады, көөдөңгө сыйбады,
Көңүл менен касташтым, кыйбадым
Каректерин жалганчы, көз жашың бал тамчы,
Көркөмүңө кул болдум, кайырчы.

Кайырма:
Тажадым мен, тажадым баарынан,
Чарчадым мен, чалындым багымдан.
Бар туруп балын татпадым,
Оң болоор жалгыз калганым.
Махабатым, жанылдым, жазганмын,
Билсем дагы катага малындым.
Күнөө менде билем, жаным,
Сүйөм деген сөзүм шамым.

Кетким келет камынып, эркиме таарынып,
Ээлеп алган сезимди кагылып.
Түшүнбөдүм, жалгыз бой күрөштөн чарчадым,
Чеги болоор түгөндүм, жалынып.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *